Түркияда Кыргызстандан барган куткаруучулар орусиялык куткаруучулардын алдында иштеп жатат деген маалымат калп 

9февралда «Россия 24» телеканалы Түркияга жардамга барган кыргызстандык куткаруучулар Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамында жана анын карамагында иштеп жатканы айтылган видеону жарыялаган.

Анда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын кеңешчиси Даниил Мартынов “Түркиядагы Кыргызстандын куткаруучулар бригадасы биздин жетекчилик астында иштөөнү суранышты” деп айткан.

“Бүгүн Кыргызстандан 60 адамдан турган бригада келип биздин кол башчыгыбыз алдында иштөөнү суранышты. Ошого жараша биз кыргызстандык кесиптештерибиз менен топ болуп иштешүүнү күчөттүк. Жалпысынан алар менен тыгыз байланыштабыз,анын ичинен тарыхый жактан дагы. Учурда мен кыргызстандык куткаруучуларды биздин күжүрмөн экипаждын катарына коштум жана алар биздин куткаруучулардын жетекчилиги астында биргелешип иштеп жатышат”, — деп түз эфирде билдирген Даниил Мартынов.

Ошондой эле Мартынов орусиялык куткаруучулар Түркиянын зилзала болгон эң кыйын, оор аймактарында иштеп жатканын айткан.

“Бүгүн куткаруу тобун бекемдөө ишке ашат. Бул биздин кыргызстандык кесиптештерибиз, алар биздин катарга түздөн-түз кошулуп, биз менен иштешип жатышат. Ошондой эле түрк кесиптештерибиз дагы бизге дайыма кайрылышат. Анткени алардын компетенттүүлүгү көп учурда жетишпей калат. Себеби, бул жерде урандылар өтө көп. Эреже боюнча мындай жогорку баллдык жер титирөө, албетте, имараттардын дээрлик түп тамыры менен  талкаланышына алып келет”, — деген ал.

Бул маалыматты тактоо үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда пресс-катчы Алим Токторов бул билдирүүнү четке кагып, кыргызстандык куткаруучулар Орусиянын куткаруучуларынын башкаруусунда иштебегенин билдирди. 

Түркияда Кыргызстандан барган куткаруучулар орусиялык куткаруучулардын алдында иштеп жатат деген маалымат калп 
Алим Токторов

“Кыргызстандык куткаруучулар Түркияга келгенден тарта AFAD (Түркиядагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы) жетекчилигинин алдында гана иштешкен. Кыргызстандык топ орусиялык куткаруучулар менен Түркияга келгенден кийинки алгачкы күндөрү алар менен чогуу иштешкен. Бирок ал жерде башка өлкөлөрдөн да куткаруучулар болгон. Бардык өлкөлөрдөн барган куткаруучулар чогуу эле иш алып барышкан. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын кеңешчиси Даниил Мартынов түз эфирде олдоксон сүйлөп коюптур. Биздин куткаруучулар орусиялык кесиптештери менен бир объектте иштегени менен алардын кол алдында иштеген эмес”, — деди Алим Токторов 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын куткаруучулары Түркиянын Кахраманмараш шаарында тогуз күндөн берки издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында жалпы беш адамды тирүү куткарышты, 154 жарандын сөөгүн урандылардын астынан алып чыгышты. 

Түркияда жер титирөө катталгандан бери Кыргызстандан жалпысынан 115 куткаруучу барган. Алардын 7 жана 16 жаштагы эки өспүрүмдү, 22 жаштагы кош бойлуу айымды урандынын астынан аман-эсен алып чыгышканы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. 

Түркияда Кыргызстандан барган куткаруучулар орусиялык куткаруучулардын алдында иштеп жатат деген маалымат калп 
Кыргызстандын куткаруучулары Кахраманмараш шаарында

Ошондой эле 12-февралда табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн атайын учак менен 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр жана 75 боз үй жөнөтүлгөн.

Түркияда Кыргызстандан барган куткаруучулар орусиялык куткаруучулардын алдында иштеп жатат деген маалымат калп 
Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга керектүү буюмдардын тизмесин түзгөн.

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (AFAD) 16-февралга карата расмий маалыматына ылайык, зилзаладан 35 миңден ашык адам каза таап, 80 миңден ашык киши жарадар болгон. 

Түркияда Кыргызстандан барган куткаруучулар орусиялык куткаруучулардын алдында иштеп жатат деген маалымат калп 
Кахраманмараш шаары

Зилзаладан каза болгондордун арасында Кыргызстандын да бир жараны бар. 14-февралда көз жумган кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келингенин Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкан. 

Ошондой эле жабыркагандардын арасында да бир кыргызстандык бар. Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы айтылган. Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык.

Ал эми Сириядагы зилзаладан  каза болгондордун саны 5714кө жеткени жана 5 миңден ашуун киши жабыр тартканы кабарланууда. 16-февралда Сириядагы кооптуу аймактардан Кыргызстанга атайын учак менен 18 аял жана 41 бала алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты