Түркияда кыргыз жараны жол кырсыгынан каза тапты

  • 2 года мурун

14-декабрда Түркиянын Измир шаарында жол кырсыгынан 41 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунан билдиришти.

Тиешелүү органдардын маалыматына караганда, кырсык 14-декабрдын таңында саат 05:00 чамасында Конак районундагы Шехитлер көчөсүнүн Халкапынар кесилишине жакын жерде болгон. 35 ABT 317 мамлекеттик номурлуу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, алгач тротуарды сүзүп, андан соң унаа Мелез суусуна түшүп кеткен.

«Оодарылып кеткен унаанын ичинде Кыргызстандын жараны С.Ж. каза болуп, калган 3 адам жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда башкы консулдуктун кызматкерлери ишти өз көзөмөлүнө алып, керектүү мекеме жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты