Түркияда катталган жол кырсыгынан кыргызстандык аял каза болду

  • 1 год мурун

Түркияда катталган жол кырсыгынан кыргызстандык аял каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Анталия шаарында эки кыргызстандык аялдын жол кырсыгына кабылган. Андан 30 жаштагы аял каза болуп, 23 жаштагы жарандын моюн сөөгү сынып, көкүрөгүнөн жаракат алып ооруканага жаткырылды.

Министрликтер Анталиядагы Башкы консулдук маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн туугандары менен биргеликте иштеп жатканын билдиришти.

Фото: sabah.com

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты