Түркияда Инстаграм бөгөттөлгөндүгү айтылууда
- 2 месяца мурун
Түркиянын Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгынын (BTK) сайтында 2-августта эртең менен Инстаграмга кирүү чектелгени кабарланганын «Азаттык» медиасы жазып чыкты.
Кабарда айтылгандай, Түркиядагы аталган мекеме бул тыюунун себеби жана ал канчага созулары тууралуу маалымат берген эмес.
Кечээ, 1-августта Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун X соц.баракчасына Инстаграм адамдардын Тегеранда өлтүрүлгөн ХАМАСтын лидери Исмаил Ханияга байланыштуу көңүл айтууларын себебин түшүндүрбөстөн эле жаап салып жаткандыгын айыптап жазган болчу.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү