Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштадыбы? Текшеребиз

19-декабрда kabarlar.org басылмасына Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштагандыгы тууралуу макала жарыяланды. Маалыматта Тажикстан аскердик кызматташтыкты бекемдөө үчүн расмий Анкарадан сунуштама алганы айтылат. 

Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштадыбы? Текшеребиз

Бул канчалык деңгээлде чын экенин «Т-Медиа» редакциясы текшерип көрдү.

kabarlar.org маалыматты News-front.info аттуу агенттикке шилтеме берип жазган. Аталган сайт фейк жаңылыктарды байма-бай чыгаргандыгы аныкталды. Google системасын колдонуп, «Байрактар» Кыргызстанга сатылганын аныктайбыз.

Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштадыбы? Текшеребиз

Мындан тышкары Түркия президентинин расмий сайтынан да издейбиз. Бирок Тажикстанга берилген сунуштама тууралуу тиешелүү маалымат табылган жок. Ал эми Стамбулдагы «Кыргыз түрктөрү» коомунун жетекчиси Абдулметин Кескин «Т-Медиага» интернетке тараган маалыматты фейк деп атады.

«Түркиянын сайттарында мындай маалымат жок. Бул боюнча өкмөттүн расмий билдирүүсү да чыккан жок. Эки күндөн бери жергиликтүү басылмалар Кыргызстанга берилген учактар тууралуу гана жазып жатышат»,  -деди Кескин. 

Жыйынтык: Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштагандыгы тууралуу маалымат — фейк. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты