Түрк жаранын аэропорттон карактап, менчик үйгө камаган кылмыштуу топ кармалды

  • 3 года мурун

Түркия жараны С.Д.аттуу чет элдик ишкерди уурдоо боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишин тергөө учурунда, 3 млн АКШ доллар акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышты жасоого шектүүлөрдүн арасында ИИМ кызматкерлери, биздин өлкөнүн жана чет элдик жарандар да бар.

Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, чет элдик жаранды уурдоонун уюштуруучусу “А.Б.” аттуу жаран — аткаруучуларды таап, даярдык иштерин жүргүзгөн түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталды.

Аталган С..Д. Кыргыз Республикасына үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында учуп келген.

«Манас» аэропортунан анын документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча менен коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан.

Андан соң уурдагандар (уюштуруучу) А.Б.нын катышуусунда сүйлөшүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө сатып алуу баасын 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, С.Д.ны кое беришип, (жасалма түрдө) А.Б.ны барымтага алып калышкан.

Учурда кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана Чүй облусунун ИИББнин “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты