Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өттү
- 17 часов мурун
6-ноябрда Бишкек шаарында nышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто, ТМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, ошондой эле түрк институттарынын жетекчилери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө тышкы иштер органдарынын жетекчилери 6-ноябрындагы Бишкек шаарындагы ТМУнун 11-Саммитинин жүрүшүндө мамлекет башчыларынын кол коюусуна сунушталган жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун карап чыгып, жактырышты.
Мындан тышкары, тараптар ТМУнун алкагында күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты жана соода-экономикалык, транспорттук, санариптик, климаттык, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган артыкчылыктуу багыттар боюнча пикир алмашышты.
Аксакалдар кеңешинин төрагасы Йылдырым түрк интеграциясын мындан ары да бекемдөө боюнча ой бөлүштү. Анда ТүркПА, ТҮРКСОЙ түрк академиясынын, түрк маданияты жана мурасы фондунун, түрк инвестициялык фондунун сыяктуу түрк институттарынын, ошондой эле түрк соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери өткөн мезгилде аткарылган иштер боюнча баяндама жасашты.
Министр Кулубаев өз сөзүндө 2024-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын ТМУдагы төрагалыгынын негизги артыкчылыктарын, ошондой эле аларды жакынкы мезгилде ишке ашыруунун пландарын белгиледи.
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммити өтүүдө. Ага түрк мамлекеттеринин башчылары катышууда.
Саммит “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” темасына арналган.
Саммитке Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда.
Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы