Төрага Нурланбек Шакиев Кытайда расмий сапар менен жүрөт

  • 5 дней мурун

Расмий сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 13-сентябрда Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин (парламент) төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымат берилди.

14-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча идеяларын изилдеген борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 12-сентябрда Өзбекстандагы иш сапарын аяктап, Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Садырбаева, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков жана Алишер Козуев бар.

Сүрөт: Чжао Лэцзи менен жолугушуу учуру. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты