Төрөбаев келерки жылы өлкөдө 150дөн ашык мектеп, 45 бала бакча куруларын билдирди

  • 7 месяцев мурун

2024-жылга курулуш үчүн 8 млрд сом бекилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн жыйынында билдирди.

Төрөбаевдин айтымында, 2024-жылга жалпысынан 381 объектте курулуш иштери пландалууда. Анын ичинен 248 объект жаңы курулат, 80 объект 1 млрд сомго капиталдык оңдоодон өтөт.

Узакка созулган 135 объект бүтөт. 55 айылга таза суу кирет. 2024-жылы жаңы 154 мектеп жана 45 бала бакча курулушун пландаштырылууда. Андан тышкары, 58 мектеп жана 5 бала бакчада оңдоп-түзөө иштери пландаштырууда. 2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, 2024-жылы Саламаттык сактоодо 1 млрд сомго 23 объект курулат.

Белгилей кетсек, 22-декабрда Министрлер кабинети жыл жыйынтыгын чыгарган отурум өткөрүп, анда жалпы 18 маселе каралган. Анын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин 2024-жылга карата иш планы бекитилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты