Төрөбаев Чүй фермерлери жана сүттү кайра иштетүүчү ишкана өкүлдөрү менен жолугушту

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери жана сүттү кайра иштетүүчү ишкана өкүлдөрү менен тегерек стол форматында жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын катышуучулары айыл чарба тармагындагы учурдагы көйгөйлөрдү, анын ичинде сүт алуу, анын сапаты жана баасы боюнча фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн учурдагы абалды талкуулашты.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча кызыкдар тараптардын катышуусунда эки жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Биринчи жумушчу топ кайра иштетүүчү ишканалар менен продукцияны тапшыргандардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапаты боюнча стандарттарды түзөт.

Экинчи жумушчу топ фермерлер менен продукция тапшырган адамдардын ортосунда түзүлөт, топ өз ара иштөө эрежелерин жана шарттарын аныктайт.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда кайра иштетүүчү ишканалар сүттү албай, тапшыруучулар сүттү сууга төгүп жаткан видеолор тараган.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты