Түптүн айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 12 месяцев мурун

Түптүн айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында аталган айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бүгүн таң эрте сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого 3 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа сууну тазалоого тартылган.Мындан сырткары авариялык куткаруу автоунаасы, райондук жол тейлөө ишканасынан 1 жол сүрүүчү грейдер, 1 жүктөгүч, ӨКМден 3 экскаватор жеринде тазалоо жумуштарын аткарып жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты