Түптөгү селдин кесепеттерин жоюуга 130 куткаруучу тартылды 

  • 12 месяцев мурун

4-августта саат 11:00гө карата Түп районунун Кең-Суу жана Байзак айылдарында селдин кесепеттерин жоюуга 130 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу кызматтарынан 29 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 12 адам, жалпы 170тен ашуун адам иш алып барууда.

Техникалык жумуштарды аткарууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 12, Жарандык коргонуу кызматтарынан 8 техника тартылып, учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

Каркыра айыл аймагында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамыркановдун жана Ысык-Көл облусунун Ыйгарым укуктук өкүлүнүн жетекчилигинде облустук штаб уюштурулуп тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон чогулган сел жогоруда аталган айылдарда үйлөрдү каптап, бир катар зыян келтирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты