Түп районундагы Каркыра айылында жаңы чек ара бекети ачылды

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Каркыра айылында жайгашкан жаңы «Чаар-Кудук» көзөмөл-өткөрмө пунктун ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөрүү пунктунун курулушу 2023-жылдын сентябрында башталып, чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылган.

Жаңы бөлүктүн өздүк курамы деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктикте жайгашкан чек аранын алыскы жана кыйла татаал тилкесин кайтарат жана «Каркыра» чек ара кызматына тиешелүү.

«Аталган бекеттин чек арачылары чек араны кайтаруудан тышкары, чет элдик жана ички туристтерди көзөмөлдөө жана «Үч-Суу», «Кичи-Чоң-Жыңалач» жана «Турук» жайлоолоруна кире беришинде мамлекеттик чек арада чек ара режимин сактоону ишке ашырат«, — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты