Түп районунда ишкерлерге каракчылык менен кол салганга шектелген жарандар кармалды

  • 7 месяцев мурун

Түп районунда ишкерлерге каракчылык менен кол салганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Түп айылында болжол менен саат 05.00дө жергиликтүү тургундардын үйүнө белгисиз адамдар кирип келишкен. «Беткапчан белгисиз эки адам терезеден үйгө кирип, андан кийин үйдүн отуз тогуз жаштагы кожоюну менен анын отуз жети жаштагы жубайынын денесине залал келтиришкен. Куралчан кылмышкерлер алгач аял жүргөн бөлмөгө кирип, акча талап кылып сабай башташкан. Бөлмөгө кирип келген жолдошунун башына темир буюм менен бир нече жолу урушуп, байлап коюшкан. Андан кийин, алар бычак менен коркутушуп, аялдан жана анын жашы жете элек уулунан акча, баалуу буюмдарын талап кыла башташкан. Жабырлануучулар коркконунан сейфтин ачкычын берген, бирок бул аларга жетишсиз болуп, дагы акча талап кылышкан. Кылмышкерлер сумкадагы акча каражаттарды жана уюлдук телефондорду да ээлеп алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүгү (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштерине ИИМдин КИББдин Экинчи башкармалыгынын оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тартылган. Шектүү адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын ИИМдин КИББдин кызматкерлери менен бирге Ысык-Көл облусунун ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Түп районунун ИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлерида жүргүзүшкөн», — деп жазылат маалыматта.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүүлөр Бишкек шаарынын аймагында кармалды. Кармалган жарандардын бири 1988-жылы туулган Б.Р. жасалма документ жасагандыгы үчүн Орусиянын аймагында издөөдө жүргөнү жана экинчиси 1987-жылы туулган О.Ф. мурда соттолгон деген маалыматтар бар.

«Экөө тең Түп районунун тургундары болушат. Алар Түп райондук ИИБге жеткирилип, сот тарабынан аларга карата эки айга камакка алуу боюнча чечими чыкты.Тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмыштын бети милициянын ыкчам кызматтарынын ырааттуу өз ара аракеттешүүсүнүн жана натыйжалуу ишинин натыйжасында, ошондой эле Түп РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкеринин тергөөнүн алгачкы этабында алынган маалыматтарынын аркасында ачылды», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты