Түп районунда 7 жашар бала сууга чөгүп кетти

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 7 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМден билдиришкендей, Ынтымак айылында көлгө 2015-жылы туулган С.К. аттуу бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жергиликтүү тургундар баланы суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Тез жардам кызматы баланын каза болгондун тастыктаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты