«Түндүкэлектр» Талас филиалынын Манас РЭТнин кызмат адамдары кармалды

  • 2 года мурун

«Түндүкэлектр» Талас филиалынын Манас РЭТнин кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери Манас районуна караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары менен туруктуу байланыш түзүп, турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттердин колдонгон электр энергиясы үчүн Манас РЭТине түшкөн накталай төлөмдөрдү «XENON» жана «IBS» базаларына кириштебестен, өздөрүнө ыйгарып, алардын төлөмдөрүн бюджеттин акчаларынын эсебинен бурмалап, жаап келишкендиги тастыкталган. Натыйжада, алдын ала эсеп боюнча мамлекетке 2 миллион 800 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иштери козголгон. Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын Манас РЭТнин башчысы Б.А, электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары О.А, электр энергиясын сатуу боюнча бөлүмүнүн мурунку инженери У.Н, Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты