Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, жол жабылды

  • 11 месяцев мурун

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымына көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолду жаап калган таштын көлөмү 5000 м3 түзгөн.

Көчкүнүн кеспетинен жабыркагандар жок. Жакын жерде калган 30-40 киши чыгарылган.

Учурда жолдуу тазалоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону — грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты