Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу бир тараптуу ачылды
- 4 месяца мурун
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш көчкү тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Ал эми 243-280-чакырым аралыктарына дагы таш көчкү түшүп, жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери улантылууда.
Жол бир тараптуу ачык, каттам бар.
4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.
Сүрөт: mtd.gov.kg
Муну бөлүшүү




