Түндүк Корея өзүн өзөктүк мамлекет деп жарыялады

  • 2 года мурун

Түндүк Кореянын Жогорку элдик жыйыны «Өзөктүк куралга карата саясат» аттуу мыйзам кабыл алып, өлкөнү өзөктүк мамлекет деп жарыялады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын «Ренхап» агенттиги кабарлады.

Жаңы документ Түндүк Кореяга кол салынган учурда каршылаш тарапка автоматтык түрдө өзөктүк сокку жасоого мүмкүндүк берет.

«Эгер душмандын кол салуусу мамлекеттин өзөктүк күчтөрүн башкаруу системасына коркунуч жаратса, анда душмандын күчтөрүн, анын ичинде чагымчылдыктын борбору менен командалык пунктун жок кылуу максатында алдын ала белгиленген план боюнча тез арада автоматтык түрдө сокку жасалат», – деп жазылган документте.

Мыйзамга ылайык, өзөктүк куралды колдонуу тууралуу буйрук берүү укугу өлкө лидери Ким Чен Ында гана болот. Ал сессиядагы сөзүндө АКШнын «душмандык саясатынан» улам Түндүк Корея эч качан өзөктүк куралдан баш тартпай турганын билдирди.

Ким Чен Ындын айтымында, АКШ Түндүк Кореяны өзүн коргоо укугунан баш тартууга мажбурлап, өлкөдөгү режимди кулатуу үчүн өзүнүн алдына Пхеньяндын «өзөктүк кубаттуулугун жок кылуу» маселесин койгон.

Документте өзөктүк курал Ким Чен Ындын өзүнө кол салуу болгон учурда да колдонулушу мүмкүн экени жазылган. Ошол эле маалда бул курал «тышкы агрессияга каршы акыркы чара катары колдонулары», Түндүк Корея өзөктүк куралды эч качан биринчи болуп колдонбой турганы белгиленген.

Түндүк Корея 2022-жылдын башынан бери 17 жолу ракета учурду. Акыркы жолу май айында Пхеньянга жакын жердеги Сунан районунан Жапон деңизин көздөй эки ракета атылган. Буга жооп катары Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёля Түндүк Кореяга денуклеаризация үчүн экономикалык жардам сунуштаган. Ким Чен Ындын карындашы, Эмгек партиясынын борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Ким Ё Чжан бул сунушту «болбогон сөз» деп атаган. Ал өлкөнүн өзөктүк куралы анын «улуулугу» экенин белгилеп, Түндүк Кореянын бийлиги аны эч качан кандайдыр бир «экономикалык жардамга» алмашпай турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты