T-Media беш жашка толду

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 15-февралда «Т-Медианын» түптөлгөнүнө беш жылдын жүзү болду. Бул аралыкта «Т-Медиа» коомчулукка эки тараптуу, ишенимдүү маалымат булагы, алдыңкы медиалардын бири катары таанылды.

Аталган редакция социалдык маселелерди, иликтөөлөрдү, фактчек жанрындагы виделорду жана кыргыз маданиятын, улуттук идеялогияны, диний сабаттуулукту жана үлгүлүү каармандарды чагылдырып келет.

«Т-Медиа» 2019-жылдын 15-февралында обого чыккан. Анын курамына телевидение ачылганга чейин «Жаш ФМ» радиосу, www. t-media.kg сайты жана Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеби кирген.

«ПолитКлиника» медиасы «Т-Медианы» 5 жашка толушу менен куттуктайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты