Төлгө салуу сыяктуу кызматтарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

  • 8 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Жарнама тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи.

23-ноябрда коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна ылайык, «Товарлардын айрым түрлөрүн жарнамалоонун өзгөчөлүктөрү» беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тагыраагы, аталган беренеге «оккулттук-мистикалык кызматтарды (анын ичинде бакшылык, төлгө салуу, спиритизм, көзү ачыктык, сыйкырчылык жана башка) маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөрдө, интернетте, радио жана телеберүүлөрдө жарнамалоого тыюу салуу» тууралуу норма киргизүү сунушталып жатат.

Маматалиевдин айтымында, илим жана жогорку технологиялар өнүккөн заманда экстрасенстерге ишенген жарандардын аз эмес экени өнүнүчтүү.

«Алар психологиянын жардамы менен адамдардын аң-сезимин манипуляциялоо боюнча чоң тажрыйбага ээ болуп, кайрылган жаранга анын келечеги, өткөндөгүсү жөнүндө айтып берип жатышат… Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жогорудагы кызматтарды көрсөтүү тууралуу түшүнүктөрдү ачык бөлүп кароого мүмкүндүк берип, маалыматтык чөйрөдө алдамчылык аракеттерди жарнамалоого тыюу салат», – деди депутат.

Бүгүнкү күндө «Жарнама тууралуу» мыйзамдын «Товарлардын айрым түрлөрүн жарнамалоонун өзгөчөлүктөрү» беренеси менен маңзатын, порнографияны жана адам сатууну жарнамалоого тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты