Төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

  • 8 месяцев мурун

Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Айтыштын тандоо турунан өткөн 14 акындын ичинен Асылбек Маратов баш байгеге ээ болуп, 150 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу (120 миң сом), экинчини Мамбеттокто Мамбеторозо (100 миң сом), үчүнчү орун Баян Акматов татыды (80 миң сом).
Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын
атайын сыйлык жана ардак громаталары тапшырылды.

Эске сала кетсек, жалпы байге фонду 1 000 000 сомду түзгөн аталган айтыштын тандоо туру 15- ноябрда Бишкек шаарында өткөн.

Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине карата өткөн айтышты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы биргеликте президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында уюштурду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты