Төкмө акындардын «Билим айтыш» сынагында Кутман Садыбакасов жеңүүчү болду

  • 2 года мурун

Кечээ, 13-августта Бишкектеги «Ынтымак-2» сейил багында төкмө акындардын медиасабаттуулукка арналган «Билим айтыш» cынагынын финалдык бөлүгү өттү.

Сынакка жалпысынан 21 акын катышты. Калыстар тобунун чечими менен баш байгени Кутман Садыбакасов жеңип алды. Баш байге ээсине 85 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды. Экинчи орунду Жылдызбек Төрөканов ээлеп, 65 миң сом менен сыйланды. Үчүнчү орунду алган Баян Акматовго 45 миң сом сыйлык ыйгарылды.

«Билим айтыш» долбоору «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Долбоор ушул жылдын январь айында башталып, акындар алты ай ичинде медиасабаттуулук, сынчыл ой жүгүртүү боюнча билим алып, чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтууну үйрөнүштү.

Долбоор төкмө акындар аркылуу калк арасында медиасабаттуулукту жайылтууну көздөйт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты