Төкмө акын Болот Назаров сот залынан бошотулду

  • 2 года мурун
Төкмө акын Болот Назаров сот залынан бошотулду

Бүгүн, 24-январда Чүйдүн Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча соттук отурум өттү.

Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сот Болот Назаровду “тоноо” фактысы боюнча күнөөлүү деп таап, жабырлануучу тарап менен жарашуу келишиминин негизинде кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартты. Болот Назаров сот залынан бошотулду.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Назаровду былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармаган. Ал ошондон бери Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) камакта жаткан.

Буга чейин прокурор айыпталуучуну 10 жылга кесүүнү суранган.

Сүрөт: Төрөбек Жунусовдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты