Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады

  • 12 месяцев мурун

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Эми жол сызыктары чийилип бүтсө, унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат. 1-августа дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Чектөөлөр 2-август күнү саат 16:00дөн кийин алынышы болжолдонууда. Азырынча мурдагы график күчүндө турат.

Ошондой эле, буга чейин тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат, ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

«Буга чейин тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип, жол 26-июлдан 6-августка чейин 10 сааттан ашык жабыла турганы маалымдалган. Акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлдү. Бүгүнкү күнгө дейре тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси, тоннелдин бетон плиталарын жана эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрдү», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты