Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат

  • 2 года мурун

Бишкек-Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуу) Кусеин Көлбаев атындагы тоннель 6-8-июль күндөрү күйүп кеткен электр зымдарын алмаштыруу үчүн маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 5-июлда саат 15:50 чамасында К. Көлбаев атындагы тоннелден өтүп бараткан «Лексус-470» унаасы өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы өчүп, анын эки тарабы тең убактылуу жабылып, кийин ачылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты