Төө-Ашууда дөңгөлөк чынжыржасы бар унаалар гана өткөрүлүүдө

  • 1 год мурун

Төө-Ашууда дөңгөлөк чынжыржасы бар гана унаалар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жайыл району Бишкек — Ош унаа жолунун 125-129-чакырымында пайда болгон жол тыгыны жоюлуп, каттам калыбына келтирилди.

Мындан улам «К.Көлбаев» атындагы тоннелдин түштүк тарабынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынып, 20:40тан тартып дөңгөлөк чынжырчасы бар жеңил унааларды кезеги менен өткөрүүдө. Ал эми калган унааларга чектөө алына элек.

Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу максатында бүгүн саат 15:40та «Сосновка» өткөрмөсүндө унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты