Свердлов районунда билим берүү мекемелерине текшерүү жүргүзүлдү

  • 11 месяцев мурун

Кечээ, 31-июлда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы мектептер жана бала бакчалар жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча текшерилди. Иш-чарага мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Текшерүүдө оңдоо иштеринин жүрүшү, санитардык абал жана даярдык деңгээли бааланды. Айрым объектилерде графиктен артта калуулар, жумушчу күчүнүн жетишсиздиги жана сапат боюнча эскертүүлөр катталды. Мектепке чейинки бир мекемеде бузулган тамак-аш табылып, кызматтык иликтөө башталды.

Мэрия тиешелүү жетекчилерге тартиптик чара көрүүнү тапшырды жана бардык иштерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү талабын койду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты