“Свердлов району боюнча талапкер Бакытбек Болотбеков сурамжылоодон 68% добушка ээ болду” деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

18-февраль күнү Алия Сапарова аттуу Фейсбук колдонуучусу “кайра шайлоого Свердлов району боюнча ат салышып жаткан Бакытбек Болотбеков сурамжылоодон озуп чыкты” деген маалыматты жарыялаган. 

Анда, сурамжылоого катышкандардын 68%ы Бакытбек Болотбековго добуш бергени айтылат.  

“Свердлов району боюнча талапкер Бакытбек Болотбеков сурамжылоодон 68% добушка ээ болду” деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондору боюнча шайлоо 28-февраль күнү өтөт. Свердлов району боюнча 28-январь күнү боло турган шайлоого жалпы 26 талапкер катталган. 

Сурамжылоодо манипуляциянын элементтери бар 

Сурамжылоодо Свердлов району боюнча шайлоого катышып жаткан талапкер Бакытбек Болотбеков экинчи орундагы Аида Саляновадан 56%га көп добуш алган. 

Маалыматка ылайык,  Бакытбек Болотбеков юрист жана коомдук ишмер. Ал 2006-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун катчысы жана жардамчысы болуп эмгектенген. 2013-жылдан 2021-жылга чейин “ОсОО ОА «Грон» жана  ОсОО «Мега ГРОН» компанияларын жетектеген. 

Сурамжылоодо 26 талапкердин ичинен бешөө гана көрсөтүлгөн. Алардын арасынан Аида Сальянова 12%, Эльнура Алканова 7%, Шайлообек Атазов 4% ал эми Муртазалиев Абдурахман 3% добуш алганы белгиленген. Ошондой эле баарына каршы добуш бергендердин саны 6% экени көрсөтүлгөн. 

Ал эми калган талапкерлер жана сурамжылоо кантип жүргүзүлгөнү тууралуу эч кандай маалымат жок. 

Негизи сурамжылоо тууралуу маалымат бергенде канча адам катышканы, кандай негизде тандалып алганы жана кайсы региондордогу респонденттер катышканы тууралуу маалымат берилиши керек. 

Аталган сурамжылоодогу талапкерлердин баарынын катышпаганы жана сурамжылоо кандай негизде өткөрүлгөнү тууралуу маалымат берилбегени манипуляциянын элементтери колдонулганынын ачык көрсөткүчү болуп эсептелет. 

Башка бир сурамжылоодо Бакытбек Болотбеков 1,48% добуш алган  

Азыркы учурда Биринчи май жана Свердлов райондору боюнча ат салышып жаткан талапкерлердин рейтингин билүү үчүн масштабдуу социологиялык сурамжылоо жүргүзүлө элек. 

ЖМКлардын арасынан 9-февраль күнү “Вечерний Бишкек” гезити “Свердлов району боюнча талапкерлердин кимисине добуш бересиз?”  деген сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгын жарыялашкан. 

“Свердлов району боюнча талапкер Бакытбек Болотбеков сурамжылоодон 68% добушка ээ болду” деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Жалпы 2532 адам катышкан бул сурамжылоодо Бакытбек Болотбеков 1.46% добуш алган. Аталган изилдөөдө Нурланбек Маматкулов алдыга чыккан. 

Бирок бул сурамжылоонун да толугу менен туура экенин айтуу кыйын. Анткени, жыйынтык медианын аудиториясы менен да тыгыз байланыштуу. 

Белгилей кетсек, шайлоо өнөктөштүгү учурунда “сурамжылоолорду бурмалоо” методу кеңири колдонулат. Анткени, калктын бир партияга же талапкерге болгон ишеничи сурамжылоонун жыйынтыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн. 

Жыйынтык: “Свердлов району боюнча талапкер Бакытбек Болотбеков сурамжылоодон 68%добушка ээ болду” деген маалымат манипуляция 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты