Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланды

  • 1 год мурун

Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн 6 адам биргелешип көптөп сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген. Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши боюнча 2023-жылдын 4-февралында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1994-ж.т. Т.А. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген. Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты