Сузактан жоголгон өспүрүм Оштон табылып, ата-энесине кайтарылып берилди

  • 2 года мурун

Сузактан жоголгон өспүрүм Оштон табылып, ата-энесине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда түнкү саат саат 00:35 чамасында Ош шаарынын Салиев көчөсүндө 2007-жылы туулган А.С. аттуу жаш бала адашып жүргөн жеринен милиция кызматкери тарабынан Ош ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинген.

«Адашып келген баланын өздүгүн аныктоо үчүн, жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде баланын өздүгү аныкталып, ал Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги аныкталып, мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүлүп берилди. Июнь айында өспүрүмдүн апасы Р.С. Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда баласы А.С. 3-июнь күнү болжол менен саат 10:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барбагандыгын билдирип, уулун жүргөн жерин аныктап таап берүүнү суранган. Ошол учурда дагы Ош ОИИБдин КККнын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу өкүлүнө тапшырылган болчу» — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты