Сузакта жайыт жерлерин жасалма документ менен саткан аткаминерлер кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айыл-чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип бир катар аткаминер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн адиси И.К., Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р. жана К.О.С. аттуу жаран жасалма документтерди колдонуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан айыл-чарба багытындагы жер тилкелерин жеке турак-жай куруу үчүн сатышканы аныкталган.

Жогорудагы кызмат адамдарынын жана жарандардын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзгөндө Сузак районунун аймагындагы жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документтер табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш-иши козголуп, анын алкагында жогорудагы кызматы адамдары кармалды.

Учура ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жана жайыт жерлерин жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча кабыл алынган токтомдор мыйзамсыз экенин маалымдап, жарандарды мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты