Сузакта жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен балдар Бишкекке алынып келинет

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунда унаа сүзүп кеткен балдар атайын борт менен Бишкекке алынып келинет. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Абалы оор делген он бала туугандары менен чогуу Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында болот.

Мамлекет башчы балдарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууну жана медицина адистерине күнү-түнү кароону тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты