Сузакта селден жабыр тарткан жарандардын турак үйлөрүн тазалоого 2 миңден ашуун кызматкер тартылды

  • 2 года мурун

Сузак районунда селден жабыр тарткан жарандардын турак үйлөрүн 2 миңден ашуун кызматкер тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары 45 техника жана 27 мотопомпа тазалоого тартылды.

4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы жана Атабеков айылдарында 654 турак үйдү, 10го жакын социалдык мекемени сел каптаган.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-бад, Нарын, Талас облустарындагы бир канча үйлөрдүн короолорун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.

Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызгидромет борбору тоо этектеринде сел коркунучу бар экенин эскертүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты