Сузакта сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга ыңгайлаштырылган көмүскө жай табылды

  • 12 месяцев мурун

Сузакта кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга ыңгайлаштырылган көмүскө жай табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайды уюштурган жаран кармалды.

Май айынын аягында Сузак РИИБге Сузак районунун аймагында Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарджы колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу кабарланган. Бул маалымат Сузак РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан 1993-жылы туулган жаран Т. кармалып, ал материалдык пайда алуу максатында сойкулук менен алектенген, баңгизат жана дары-дармек каражаттарын колдонгон жайларды уюштургандыгы аныкталган. Учурда кармалган жаран Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты