Сузакта оор кылмыш жасап 2 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү кармалды

  • 4 месяца мурун

Сузакта оор кылмыш жасап 2 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-май күнү Сузак РИИБне Сузак районунун 1995-жылы туулган тургуну М.С. арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 04-май күнү саат 01:30 чамасында Сузак районунун Ырыс а/а круговойдун жанында өзүнө бей тааныш болгон жашы 25-30 курактагы азиат улутундагы балдар денесинин ар кайсыл жерине уруп, чөнтөгүндөгү 25 000 (жыйырма беш мин) сом акчасын тартып алып, андан соң Жалал-Абад шаарындагы курортунун аймагына алып барып ур-токмокко алууну улантышкан.

Натыйжада жабырлануучуга физикалык жана олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 15-май күнү Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, атайын экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1995-жылы туулган тургуну аныкталып, ал жүргөн жерин жашырып, тергөөгө качып келбей жүргөндүктөн ага карата Кыргыз Республикасынын КЖПКнын негизинде 2023-жылдын 1-март күнү издөө жарыяланган.

Сузак РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, 2024-жылдын 10-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну 1995-жылы туулган А.А. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты