Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчысы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталып кармалды

  • 2 года мурун

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М. жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталып кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М. жасалма документтерди колдонуп, сугат айдоо жер тилкелерин өзүнө тийиштүү адамдарга турак-жай куруу үчүн токтом чыгарып, андан соң ал жер тилкелерин башка адамдарга сатып жибергени аныкталган.    

Айыпталуучу К.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты