Сузакта медреседен өрт чыгып, эки окуучу ооруканага жеткирилди

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Комсомол айылында кыздар окуган медреседен өрт чыгып, эки окуучу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттөн аянты 165 чарчы метр мансард тибинде салынган кайрымдуулук мекемеси, кыздар медресесинин чатыры, 26 даана төшөк жана шыбы күйгөн.

16 жана 14 жаштагы эки кыз өздөрүн жаман сезгендиктен тез жардам кызматы менен облустук ооруканага жеткирилген. Кыздардын абалы туруктуу, эч кандай күйүк алышкан эмес.

ӨКМдин маалыматына караганда, өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты