Сузакта мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн эки Өзбекстандын жараны кармалды

  • 2 года мурун
Сузакта мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн эки Өзбекстандын жараны кармалды

Сузакта мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн эки Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

6-январда Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан 2 жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү боюнча маалымат милицияга түшкөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголду.

«Өзбекстандын Андижан облусунун тургуну 1986-жылы туулган К.А. жана Фергана облусунун тургуну 1992-жылы туулган Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Териштирүү учурунда Өзбекстандын тургундары мурда бир нече жолу соттолушкандыгы, акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү менен соттолушуп, Жиззах облустунда жазасын өтөп жатышкан жеринен качып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү аныкталган. Бүгүнкү күндө Өзбекстан тарабынан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болду», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты