Сузакта курал-жарак жана ок-дары сатканга шектелген жаран кармалды

  • 3 месяца мурун

Сузак районунда курал-жарак жана ок-дары сатканга жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жаран 1977-жылы туулган, Сузак районунда туулган, чет өлкөнүн Р.К. аттуу жараны экендиги аныкталды.

Ал саткан курал-жарактар каттоосу жок жана мыйзамсыз болуп чыкты.

Аталган факт боюнча Өзгөн РИИБтин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш ишин козгогон.

Р.К.нын жашаган үйүн тинтүү учурунда, көп сандаган курал-жарактар жана ок-дарылар табылган, атап айтканда: 40 даана 5,45 калибрдеги, 26 даана 9мм калибрдеги, 10 даана 7,7 калибрдеги, 36 даана 9мм калибрдеги, 2 пачка 98 даана 9мм калибрдеги, 950 грамм салмактагы «Супер» аттуу ок-дарылар; -курал-жарактар: 2 даана арбалет, 16 даана бычак, 2 кара түстөгү мылтык, 4 даана курал-жарак, 1 даана «Корвет 45» станогу, 2 токардык станок, 1 жаргылчак, 2 даана кысуучу бөлүктөр.

Ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ыкчам кызматкерлер тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар кайдан жана кандай жол менен келгендигин аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты