Сузакта коңшу өлкөгө өтүүчү жер астында казылган туннел аныкталды

  • 4 месяца мурун

Сузак милициясы коңшу өлкөгө өтүүчү жер астында казылган туннелди аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү саат 17:30 чамасында Сузак РИИБдин Атабеков аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына өтүүчү жер астында казылган туннел тууралуу ыкчам маалыматтарды алышкан.

Бул факты Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Материал боюнча Сузак РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу прокуратура кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге барышкан.

Текшерүүдө Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылынын тургуну 1983-ж.т. М.М. аттуу жарандын үйүнө кирген учурда короонун ичинде шагыл үйүлүп турган. Үйдүн ичиндеги бөлмөсүндө жер астынан казылган туннелге түшүүчү атайын пластиктен жасалган эшик орнотулган. Туннелдин тереңдиги 12,5 метр болуп, ылдыйга түшүү үчүн атайын темирден жасалган шаты орнотулган. Туннел Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун аймагына карай узундугу 350 метр, бийиктиги 2 метр 20 см. туурасы 1 метрди түзгөн. Туннелдин ичине атайын электр жарыктыктары орнотулуп, эки тарапка адамдар жөө басып мыйзамсыз өтүүгө, жүк жана башка буюмдарды мыйзамсыз ташууга даярдалгандыгы такталган. Үйдүн короосунан туннел казганга колдонулган үй шаймандары, казуу учурунда кийилген эркек кишинин кийимдери алынган.

Азыркы учурда бул окуяга тиешелүү адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты