Сузакта эки чакан ГЭС курулууда

  • 11 месяцев мурун

Энергетика министрлиги Жалал-Абад облусунда эки чакан ГЭС курулуп жатканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, алардын бири Сузак районундагы «Көгарт» чакан ГЭСи, ал ата мекендик инвесторлор тарабынан курулуп жатат. ГЭСтин кубаттуулугу 6,7 МВт түзүп, Сузак районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүн электр энергиясы менен камсыздайт.

Долбоордо коюлган план боюнча чакан ГЭС ушул жылдын 3-кварталында бүтүшү керек.

Экинчи долбоор ошол эле Сузак районундагы «Айгыр жал» чакан ГЭСи. Анын кубаттуулугу 2,4 МВт. Учурда курулуш иштери үчүн керектүү жабдуулар Кытайдан алынып келинди. Долбоордо коюлган план боюнча экинчи чакан ГЭС дагы быйыл ишке киргизилет.

Министрлик «Айгыр жал» чакан ГЭСинин каржы булагын тактаган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты