Сузакта денеге оор залал келтирүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаранды кармады

  • 2 года мурун
Сузакта денеге оор залал келтирүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаранды кармады

Сузакта денеге оор залал келтирүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад-ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрь күнү Сузак районунун 1955-жылы туулган тургуну Ж.М.ди ошол эле райондун 47 жаштагы тургуну Д.К. уруп денесине оор залал келтирген.

«Жогорудагы окуя боюнча Сузак районунун 67 жаштагы тургуну Ж.М.дин арызынын негизинде, Кылмыш жаза Кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишинин алкагында 3-январда шектүүгө карата издөө иши жарыяланып, издөө иштери башталган. Сузак РИИБдин жана Ички иштер министрлигинин 7-башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 2023-жылдын 17-январь күнү Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну (мурда Кыргыз Республикасынын ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган) Д.К. кармалды. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты