Сузакта аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 31 жаштагы жаран 25 жаштагы аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү кызганычтан улам жубайын муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салган. Бул факты 23-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөө башталган. Жыйынтыгында Киров айылында шектүүнүн үйүнүн короосунан аялдын сөөгү табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты