Сузакта дарыянын ортосундагы аралда калган жаран куткарылды

  • 2 года мурун

Сузакта дарыянын ортосундагы аралда калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан 280 метр куб суу Арал айылынан агып өткөн “Кара-Дарыя” дарыясына куят. Дарыянын тушундагы Кундузчу тилкесинде суунун деңгээли көтөрүлүп, калк өтө алгыс кырдаал түзүлгөн. Суунун деңгээли көтөрүлгөн учурда дарыянын ортосундагы аралчада күрүч эгип жүргөн адам калып калган.

Маалыматка ылайык, окуя 11-майда орун алып, ӨКМге 12-май күнү куткаруу тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга ӨКМден 11 куткаруучу тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилиги астында куткаруучулар кайык менен 60 жаштагы А.Н. аттуу жаранды жээкке алып келишкен. Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, туугандары менен аман-эсен көрүштү. Учурда анын абалы жакшы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты