Сузакта 650дөн ашык үйдү сел каптап, миңден ашуун тургун эвакуацияланды

  • 2 года мурун

4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы жана Атабеков айылдарында 654 турак үйдү, 10го жакын социалдык мекемени сел каптады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган айылдардан 1053 адам эвакуацияланды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 5-майда сел жүргөн айылдарга барып, абалды көрдү.

Жарандык коргонуу кызматынан 260, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, сел каптаган үйлөр тазаланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 12 техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника бөлүндү.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-бад, Нарын, Талас облустарындагы бир канча үйлөрдүн короолорун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.

Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызгидромет борбору тоо этектеринде сел коркунучу бар экенин эскертүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты