Сузакта 5 гектар жердеги куураган чөп күйдү
- 12 месяцев мурун
Сузакта 5 гектар жердеги куураган чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сары-Булак айылынын Көк-Жаңгак таштандысынын аймагында 0,5 гектар аянтта таштанды жана 5 гектар ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккан. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Саат 14:50дө өрт толугу менен өчүрүлдү.
Муну бөлүшүү