Сузак шайлоо округу: Шайлоочулардын  7,92 пайызы добуш берди

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 22-сентябрда, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү жүрүп жатат.

Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 7,92 пайызы добуш берди. Шайлоочулардын жалпы саны -124 429, добуш бергендердин саны -9851 киши. Бул тууралуу БШК билдирди.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышууда (6 эркек, 1 аял). Алар — Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов жана Медербек Сапарбаев.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген. Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген.

Сүрөт: newess.shailoo.gov.kg алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты