Сузак шайлоо округу: Шайлоочулардын 5,49 пайызы добуш берди

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 22-сентябрда, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү жүрүп жатат.

Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 5,49 пайызы добуш берди. Шайлоочулардын жалпы саны -124 429, добуш бергендердин саны -6 828 киши. Бул тууралуу БШК билдирди.

Маалымдалгандай, добуш берүү саат 08.00дон кечки саат 20.00гө чейин улантылат.

№13 шайлоо округу боюнча биротоло шайлоочулардын тизмесине 124 429 шайлоочу киргизилген.

Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 2021-жылга (111 510 шайлоочу) салыштырмалуу 12919 шайлоочуга өсүп 11,59% түздү.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышууда (6 эркек, 1 аял). Алар — Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов жана Медербек Сапарбаев.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген. Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген. 

Сүрөт: newess.shailoo.gov.kg таблосунан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты