Сузак районунда сел жүрүп, 35 үй-бүлө эвакуацияланды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында сел жүрүп, 35 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМден билдиришкендей, 4-май күнү саат 22:50 чамасында жаап өткөн кыска мөөнөттүү жамгырдан кийин кокту колоттордон келген сел суулар Атабеков айыл аймагындагы Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад айылдарында, Барпы айыл аймагындагы Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарындагы турак үйлөрдү каптаган.

Мындан сырткары Барпы айыл аймагындагы Б. Осмонов айылынын Муратали көчөсүндөгү 20 жана Авазбеков көчөсүндөгү 18 турак үйдүн ичине сел суу кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүрүлгөн. Миң-Өрүк айылынан 15 үй-бүлө жана Кара-Жыгач айылынан 20 үй-бүлө эвакуацияланган.

Миң-Өрүк айылында бир турак үй уурап түшкөн.

Мындан тышкары Чангет-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган.

Учурда жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Сузак райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам топтору жана куткаруучулары иш алып барууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты